Кирүүгө тестирлөө жана компаниянын тышкы периметринин коопсуздугунун абалына анализ.

Тышкы периметрди бузуу менен бузуп кирүүчү компаниянын конфиденциалдуу маалыматына жеткиликтүү болот жана инфраструктуранын маанилүү элементтеринин иштөөсүнө зыян келтириши мүмкүн. Бул кардарларды, абройду жана кирешени жоготуу коркунучуна алып келет. Мындан башка, хакерлер көп учурларда ири суммаларды талап кылуу максатында опуза кылуу үчүн компаниянын ички жашырын маалыматын колдонушат.

Хакердин аракеттеринин натыйжалары абдан олуттуу ал турмак, катастрофиялуу дагы болушу ыктымал.

  • Кардарлар сиздин компанияга болгон ишенимин жоготушат жана атаандаштарга өтүп кетишет.
  • ЗУзакка созулган кесипкөйлүк ишмердиктин жүрүшүндө топтолгон аброй бир заматта жок болот.
  • Бизнес киреше табуунун ордуна, эбегейсиз чыгашаларга туш болуп, токтоп калат.
  • Талап кылынып жаткан товарлар же кызматтар белгилүү бир моментте керектөөчүлөр үчүн өзүнүн актуалдуулугун жоготот.
  • Бузуп кирүүнү жок кылгандан кийин бардыгын нөлдөн баштап кайрадан калыбына келтирүү керек же компаниянын онлайн-долбоорун жабуу жөнүндө чечим кабыл алууга туура келет.

Эгерде өз убагында чараларды көрбөсө, хакерлердин бузуп кирүүсүнүн кесепеттери онлайн-мейкиндиктеги көп жылдардан бери түзүп келген бизнести толук жоготууга алып келиши мүмкүн. Өз бизнесиңиздин кыйроосуна жол бербеңиз! Бузуп кирүүчүлөрдүн кылмыштуу ишмердигинин кесепеттерин жойгондон көрө, окуянын алдын алып, периметрдин кесипкөйлүк коргоосуна ишенимдүүлүк менен ишти жүргүзүү жакшы эмеспи.

Биз кантип тышкы периметрдин аудитин аткарабыз

01

Милдеттерди так аныктоо

Биз интернет-долбоордун максаттарын изилдейбиз, жабдуулар жана ПК менен таанышабыз. Сиз менен зарыл болгон маалыматка жеткиликтүүлүктү макулдашабыз. Веб-сайттын профилдик адистери менен кызматташтыкты жолго коебуз жана ТТ ны түзөбүз.

02

Маалыматтарды тыкыр анализдөө

Интернат-ресурстун техникалык персоналынан тармактык структура боюнча бардык маалыматты алып, биз ошону менен бирге анын сайттын коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктайбыз. Андан ары жабдуунун конфигурациясын, тармактын структурасын жана топологиясын системалаштырабыз жана изилдейбиз, андан кийин бардык мүмкүн болуучу оңой талкалануучу жерлерин табабыз.

03

Коркунучтарды салмактап баалоо

“Жылчыкты” табуу аз – ал потенциалдуу кара санатайды кайда алып барарын дагы түшүнүү керек. Биз сайттын коопсуздугундагы ар бир табылган ачык жер кандай көйгөйлөргө алып келерин даана көрсөтүп беребиз.

04

Эффективдүү планды иштеп чыгуу

Периметрдин маалыматтык коопсуздугунун аудитинин жыйынтыгы болуп иштердин учурдагы абалы тууралуу толук отчету эсептелет. Ошондой эле документте компаниянын тышкы периметринин табылган бардык оңой талкалануучу жерлерин жойуу жана коргоо системасын жалпы өркүндөтүү боюнча так сунуштарды беребиз.

Бөлүмдөгү башка кызматтар

Веб-ресурстарга жана веб -тиркемелерге кирүүгө тестирлөө. Коосуздуктун абалын анализдөө

Кирүүгө тестирлөө жана компаниянын тышкы периметринин коопсуздугунун абалына анализ.

Бузуп кирүүгө тестирлөө жана ички корпоративдик тармактын коопсуздугунун анализи.

ПК кодун анализдөө

Бузуп кирүүгө тестирлөө жана коопсуздук системасынын анализи:
Wi-Fi жана СКУД

Ички инфраструктурага кирүүгө тестирлөө – “кара жашик” методу боюнча тестирлөө.

loading...