ПК кодун анализдөө

Сайттын программалык камсыздоосунун кодун анализдөө маалыматтык коопсуздуктун оңой талкалана турган жерлерин жана баштапкы тексттерде айтылбаган мүмкүнчүлүктөрдү табууга багытталган изилдөөнү билдирет. Комплекстүү аудит өзүнө ПК баштапкы кодунун динамикалык жана статикалык анализин камтыйт.

Маалыматтык коопсуздук – чеховдун мылтыгындай. Эгерде тиркемеге оңой талкалануучу жерлер кирип кеткен болсо, анда алар сиздин бизнеске финансылык жана абройлук зыян келтирүү менен сөзсүз түрдө “атылат”. Мындайды күтпөстөн –“жылчыктарды” алдын ала жок кылыңыз. Сөз кокусунан болгон, бирок потенциалдуу кооптуу катачылыктар жөнүндөбү, же атайылап жасалган тоскоолдуктар жөнүндөбү, тынч жашоого болгон алгачкы кадам – бул баштапкы коддун комплекстүү аудити.

Коддун статикалык анализи төмөнкүлөрдү табууга мүмкүндүк берет:

  • Китепкананы пайдалануунун алгоритминин бузулушун;
  • Документтелбеген НДВ же белгиси жүрүм-турум;
  • Буфердин толуп кетиши;
  • Кроссплатформендикке токоолдук кыла турган сценарийлер;
  • Кайталануучу коддогу катачылыктар;
  • Параметрлердин реалдык тибине форматтык саптардын шайкеш эместиги;
  • Өзгөрүлбөс параметр – программага болгон талаптардын өзгөргөндүгүнүн белгиси;

Программалык камсыздоонун текстин санариптик символдордун топтомуна которо турган жана көрүнөө болгон каталарды текшерген компилятордон айырмаланып, кодду кол менен анализдөө мындан дагы деталдуу изилдөөнү аткарууга мүмкүндүк берет. Бирок, каталарды тапкандан башка дагы, аларды туура интерпретациялоо дагы зарыл. Бул жерде дагы сайттын бир дагы ээси программалык камсыздоо жаатындагы кесипкөйлөрсүз ишти жүргүзүүсү күмөн. Веб-мастерлердин Кодебай командасы баштапкы коддун өз убагындагы жана иштиктүү аудитин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөт. Сиздин бардык интернет – долбоорлоруңузду текшерип жардам берүүгө даярбыз.

Биз кантип тышкы периметрдин аудитин аткарабыз

01

Милдеттерди койуу

Анализдин тереңдиги жана методдору, аткаруунун мөөнөттөрү жана иштеп чыгуучу команда менен өз ара аракеттин даражасы -ушул нюанстардын бардыгын бекитебиз. Баштапкы код үчүнчү жактарга өткөрүлүп кетпей тургандыгына юридикалык кепилдик бере турган макулдашылган пункттарды келишимде чагылдырабыз.

02

Тиркеменин архитектурасын изилдөө

Көп учурларда так ошо потенциалдуу коркунучтардын булагы болуп калат. Платформанын стандарттарына жана программалаштыруунун тилине баштапкы коддун шайкештигин текшеребиз, ошондой эле чоочун компоненттерди, мисалы, кошула турган китепканаларды анализдейбиз.

03

Баштапкы коддун кооптуу конструкцияларын издөө

Шаблон боюнча баштапкыларды автоматтык анализдөө үчүн атайын ПК ны кандай болсо, ошондой эле кол анализин дагы колдонобуз. Статикалык жана динамикалык методдорду пайдаланабыз. Бардык оңой талкалануучу жерлерди табабыз жана системалаштырабыз.

04

Отчетту түзүү

Ал потенциалдуу коркунучтардын тизмесин жана тиркеменин корголгон даражасы жөнүндө биздин корутундуларды гана камтыбастан, ар бир “жылчыкты” жойуу боюнча сунуштарды дагы камтыйт. Так этаптуу нускама түрүндө.

Бөлүмдөгү башка кызматтар

Веб-ресурстарга жана веб -тиркемелерге кирүүгө тестирлөө. Коосуздуктун абалын анализдөө

Кирүүгө тестирлөө жана компаниянын тышкы периметринин коопсуздугунун абалына анализ.

Бузуп кирүүгө тестирлөө жана ички корпоративдик тармактын коопсуздугунун анализи.

ПК кодун анализдөө

Бузуп кирүүгө тестирлөө жана коопсуздук системасынын анализи:
Wi-Fi жана СКУД

Ички инфраструктурага кирүүгө тестирлөө – “кара жашик” методу боюнча тестирлөө.

loading...