ISO/IEC 27001 сертификациялоо суна даярдык боюнча консалтингдик кызматтар
Сиз өзүңүздүн уюмдун конфиденциалдуу маалыматынын коопсуздугун камсыздоого багыт алып, кибер коопсуздуктун чараларын күчөтүүгө умтуласызбы? Бул стандартты сиздин уюмга киргизүүнүн мүмкүнчүлүгү менен таанышыңыз. ISO/IEC 27001 сертификациялоо боюнча биздин бардык тараптык кызматтарыбыз ISO/IEC 27001 стандартына шайкештикке жетишүүгө бардык нюанстарын өздөштүрүүгө жардам көрсөтүү жана ошол эле учурда сиздин санариптик туруктуулукту жогорулатуу үчүн арналган.
Эмне үчүн ISO/IEC 27001 маанилүү?
ISO/IEC 27001 эл аралык стандарты маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасын түзүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн негиз болуп эсептелет. ISO/IEC 27001 ылайык келген процесстерди киргизүү жана сертификациялоону ийгиликтүү өтүү компаниянын маалыматтык коопсуздук системасынын жогорку жетишкендигин күбөлөндүрөт. Бул ошондой эле дүйнөлүк масштабда таанылган сапаттын маанилүү белгиси болуп эсептелет. Биздин команда маалыматтык коопсуздуктун процесстерин өркүндөтүүдө, PDCA циклин киргизүүдө жана ISO/IEC 27001 стандарты боюнча сиздин компаниянын эл аралык сертификациясынан ийгиликтүү өтүшүнө даярдоого жардам берүүгө даяр. Биздин иш аяктагандан кийин сиз эл аралык сертификациялоодон ийгиликтүү өтүү мүмкүнчүлүгүн гана албастан, ISO/IEC 27001 стандартынын талаптарына ылайык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун эффективдүү түзүлгөн процесстерин дагы аласыз.
Консалтинг жана ISO/IEC 27001 сертификациясына даярдануу процесси өзүнө бир нече түйүндүү этаптарды камтыйт:
Процесстердин жана активдердин аудитин
Сиздин бардык процесстерди жана активдерди ISO/IEC 27001стандартына шайкештикке келтирүү.
Адистерден интервью алуу
Ар кандай бизнес- процесстерге жооптуу компаниянын орчундуу адистери менен аңгемелешүүлөр
Маанилүү активдерди аныктоо
Коргоого жаткан маанилүү активдерди идентификациялоо жана классификациялоо
PDCA циклин текшерүү
Plan-Do-Check-Act (Пландаштыруу – Аткаруу – Текшерүү- Коррекциялоо) циклин күнүмдүк аткаруусун анализдөө.
Ченемдик документацияны анализдөө.
Ченемдик документациянын абалын жана ISO/IEC27001 стандартына шайкештигин текшерүү
Коркунучтарды салмактап баалоо
Маалыматтык коопсуздуктун контекстинде компаниянын активдери үчүн коркунучтарды баалоо.
Сунуштарды жана иш чаралардын пландарын иштеп чыгуу
Шайкеш эместиктерди жойуу боюнча толук сунуштамаларды түзүү жана иш чаралардын планын иштеп чыгуу.
Чараларды киргизүү жана контролдук
Стандартка шайкештикти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды жана контролдук механизмдерди киргизүү
Орто аралык контролдук
Пландаштырылган иш чараларды аткарууга орто аралык контролдукту жүргүзүү
PDCA циклин коррекциялоо
Зарылдыгына жараша консультациялар жана PDCA циклин корректировкалоого жардам берүү
