Инциденттерге реакция кылуу 24/7/365.

Биздин 24/7/365 инциденттерге реакция жасоо кызматы суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою кибер коркунучтарга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү жана ыкчам реакция жасоону камсыз кылат. Биздин жогорку квалификациялуу командабыз тез жана эффективдүү чечилишти кепилдөө менен кибер коопсуздуктун инциденттерине дароо реакция жасайт. Биз сиздин уюмдун үзгүлтүксүз корголушун камсыз кылуу үчүн мүмкүн болуучу коркунучтардын алдын тосуп жана бузуп кирүү учурунда таасирин минималдаштыруу менен коопсуздук күнү-түнү камсыздоону көрсөтөбүз.

Инциденттерге реакция жасоо деген эмне?

Маалыматтык коопсуздук жаатындагы инциденттерге реакция жасоо (Incident Response) кибер чабуулду аныктоого, же уюмдун инфраструктурасынан маалыматтардын чыгып кетүүсүн токтотууга жана ошондой эле мүмкүн болгон кесепеттерин четтетүүгө багытталган иш чаралардын комплексин билдирет. Реакция жасоонун негизги максаты – инциденттен пайда болгон зыянды минималдаштыруу жана мүмкүн болушунча уюмду иштин нормалдуу режимине тез жана эффективдүү кайра киргизүү. Инциденттерге реакция жасоону адистердин ички командасы аркылуу кандай болсо, ошондой эле тышкы Security Operations Center (SOC) – SkySOC менен ишке ашырууга болот. Бул процесстин маанилүү аспекти болуп коркунучтарга ыкчам реакция жасоо болуп эсептелет, бул токтоп калуунун убактысын кыскартуу менен потенциалдуу чыгашаларды чектөөгө көмөк көрсөтөт.

Бөлүмдөгү башка кызматтар

Security Operation Center (SOC)

SOC – бул реалдуу убакыттын режиминде (24x7) кибер коркунучтардан коргоо үчүн маалыматтык коопсуздуктун окуяларына/инцидентте...

Инциденттерге реакция кылуу 24/7/365.

Биздин 24/7/365 инциденттерге реакция жасоо кызматы суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою кибер коркунучтарга үзгүлтүксүз байко...

Оңой талкалана турган тышкы периметри...

Оңой талкалана турган тышкы периметрин сканирлөө уюмдун маалыматтык системасынын тышкы структурасындагы потенциалдуу начар жерл...

Threat Intelligence

Уюмдарга учурдагы жана потенциалдуу кибер коркунучтар жөнүндө маалыматты берүүгө багытталган коркунучтар жөнүндө маалыматтарды топтоонун, анализдөө...

Threat Hunting

Тармактагы жашырын кибер коркунучтарды издөөнүн жана аныктоонун активдүү жана проактивдүү процесси.

loading...